Өндүрүш

Жашылчаларды түшүм жыйноодон бир нече саат өткөндөн кийин заводго жеткирүү үчүн биз аларды өндүрүштүн жанында өз талааларыбызда өстүрөбүз

Өндүрүш сандар менен

Ар бир этапта сапатты көзөмөлдөө

Биз продукциянын сапатын жана коопсуздугун – түшүм жыйноодон баштап супермаркеттин текчесине чейин толугу менен көзөмөлдөйбүз
Тоңдурулган жашылчаларды өндүрүү
Түшүм жыйноо
Жуу
Кошундулардан тазалоо
Бланширлөө
Тоңдуруу
Сактоо
Таразалоо жана таңгактоо
Ташуу
Консерваланган жашылчаларды өндүрүу
Түшүм жыйноо
Жуу
Кошундулардан тазалоо
Бланширлөө
Банкаларды толтуруу
Жабуу
Стерилдөө
Палеттөө
Желимдеп каптоо
Жүктөп жөнөтүүгө даярдоо

Биз планетага кам көрөбүз

Регенеративдүү дыйканчылык
Биздин топуракка кам көрүү принциптерибиз: эффективдүү которуштуруп айдоо, терең жумшартуу, топуракты гипстөө, каптоочу өсүмдүктөрдү колдонуу менен топурактын түшүм берүүчүлүгүн жогорулатабыз; химиялык жер семирткичтерди жана пестициддерди (механикалык өстүрүү) колдонууну минималдаштырабыз жана органикалык дыйканчылыкка өтөбүз
Акылдуу дыйканчылык
Биз заманбап маалыматтык технологияларды, эгиндердин жана техниканын спутниктик мониторингин, дрондорду, так дыйканчылыкты, метеостанцияларды жана топурак билдиргичтерин колдонобуз. Өсүмдүктөрдү зыянкеч курт-кумурскалардан коргоо үчүн, мисалы, феромон капкан сыяктуу инновацияларды киргизебиз
Ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу
Биз суу чорголорун, эсептегичтерди, үнөмдүү жабдууларды орнотуу менен суунун пайдаланылышын көзөмөлдөйбүз. Энергияны керектөөнү азайтабыз – чийки зат түшпөгөндө жабдуулар автоматтык түрдө күтүү режимине өтөт жана бардык лампалар энергияны үнөмдөөчү лампаларга алмаштырылган
Экологиялык менеджмент тутуму
Биздин заводдордо ISO14001 стандартына ылайык экологилык менеджмент тутуму ишке киргизилген. Анын максаты – биздин чарбачылык ишмердүүлүгүбүздүн бардык экологиялык аспектилерин башкаруу, айлана-чөйрөгө экологиялык таасирдин деңгээлин көзөмөлдөө жана минималдаштыруу
Кайра толукталуучу энергия булактары
Биз кайра толукталуучу энергия булактарын энергетикалык балансыбызга кантип киргизсек болорун изилдеп жатабыз. Тимашевсктеги заводдо заводдун көзөмөлдөө өткөрүү пунктунда (КӨП) күн батареяларын колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирди
Экологиялык таңгак
Таңгактын 90% үчүн экинчи жашоо бар. Биз таңгактоочу материалдардын көлөмүн азайтабыз: калай банкалардын жана таңгактоо пленкасынын, ошондой эле транспорттук таңгактын – стрейч-пленканын жана гофр картонунун калыңдыгын азайтабыз. Биз таңгагыбызда кайра иштетилген материалдардын үлүшүн көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз
Биз менен байланышыңыз

Дагы сайтта