Биз планетага кам көрөбүз

Жаратылыш биздин эң баалуу активибиз. Келечекте ар бир адам Жердин жыргалчылыгын көрсүн десек, ага эң аяр мамиле жасап, аны коргоп, сактап калуубуз керек

Биздин милдеттенмелерибиз

№4 Биз регенеративдүү дыйканчылыкты колдонууну кеңейтебиз жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактайбыз
  • 2030-жылга карата фермерлердин 80%ы регенеративдүү дыйканчылык тажрыйбаларын колдонушат
  • 2030-жылга карата айдоо аянттарынын 100%ында чаңдаткычтарды коргоо планы пайдаланылат
№5 Биз циклдик экономиканы өнүктүрөбүз
  • 2025-жылга карата биздин таңгактардын 100%ын экинчи жолу кайра иштетүүгө же кайта пайаланууга болот
  • 2030-жылга карата биздин таңгагыбызда казып алынуучу чийки заттан алынуучу баштапкы пластиктин курамы 0% болот
№6 Көмүртек нейтралдуулугуна умтулуудабыз

2050-жылга карата парник газдары чыгаруунун нөлдүк деңгээлине жетишебиз

  • 2035-жылга карата 1 жана 2 камтуу жааттары боюнча парник газдарын ↓38% чыгаруу (абсолюттук мааниде)
  • 2035-жылга карата 3 камтуу жааты боюнча парник газдарын ↓30% чыгаруу (интенсивдүүлүк)

Bonduelle тобунун натыйжалары

Долбоорлор

Агро
Регенеративдүү дыйканчылык
Биздин топуракка кам көрүү принциптерибиз: эффективдүү которуштуруп айдоо, терең жумшартуу, топуракты гипстөө, каптоочу өсүмдүктөрдү колдонуу менен топурактын түшүм берүүчүлүгүн жогорулатабыз; химиялык жер семирткичтерди жана пестициддерди (механикалык өстүрүү) колдонууну минималдаштырабыз жана органикалык дыйканчылыкка өтөбүз
Агро
Акылдуу дыйканчылык
Биз заманбап маалыматтык технологияларды, эгиндердин жана техниканын спутниктик мониторингин, так дыйканчылыкты, метеостанцияларды жана топурак билдиргичтерин колдонобуз. Өсүмдүктөрдү зыянкеч курт-кумурскалардан коргоо үчүн феромон капкан сыяктуу инновацияларды киргизебиз
Агро
Ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу
Биз суу чорголорун, эсептегичтерди, үнөмдүү жабдууларды орнотуу менен суунун пайдаланылышын көзөмөлдөйбүз. Энергияны керектөөнү азайтабыз – чийки зат түшпөгөндө жабдуулар автоматтык түрдө күтүү режимине өтөт жана бардык лампалар энергияны үнөмдөөчү лампаларга алмаштырылган
Өндүрүш
Экологиялык менеджмент тутуму
Биздин заводдордо ISO14001 стандартына ылайык экологилык менеджмент тутуму ишке киргизилген. Анын максаты – биздин чарбачылык ишмердүүлүгүбүздүн бардык экологиялык аспектилерин башкаруу, айлана-чөйрөгө экологиялык таасирдин деңгээлин көзөмөлдөө жана минималдаштыруу
Өндүрүш
Кайра толукталуучу энергия булактары
Биз кайра толукталуучу энергия булактарын энергетикалык балансыбызга кантип киргизсек болорун изилдеп жатабыз. Тимашевсктеги заводдо заводдун көзөмөлдөө өткөрүү пунктунда (КӨП) күн батареяларын колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирди
Өндүрүш
Экологиялык таңгак
Таңгактын 90% үчүн экинчи жашоо бар. Биз таңгактоочу материалдардын көлөмүн азайтабыз: калай банкалардын жана таңгактоо пленкасынын, ошондой эле транспорттук таңгактын – стрейч-пленканын жана гофр картонунун калыңдыгын азайтабыз. Биз таңгагыбызда кайра иштетилген материалдардын үлүшүн көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз
Биз менен байланышыңыз

Дагы сайтта